Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 6/31
Ижара акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Муниципалдык менчиктеги Спринтер MERSEDES-BENZ авто унааларына
1 жылга келишим түзүлүп, ижара акысы айына 5 000 сомдон бекитилсин.
2. LED экранга жарыя (реклама) жарыялоонун 10 секунда убакытынын ижара акысы жергиликтүү юридикалык жактарга жана физикалык тараптарга (ишкерлерге) 2 500 сомдон жана жергиликтүү эмес юридикалык жактарга жана физикалык тараптарга (ишкерлерге)
5 000 сомго бекитилсин.
3. LED экранды өз балансасына алуу менен туруктуу иштешин көзөмөлдөө, ижарага берүү, келишим түзүү, түшкөн акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, техникалык коопсуздугун сактоо, керектен чыккан (бузулган) учурда өз каражаттарынын эсебинен оңдоо жагы «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
М. Асанбай уулуна тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |