Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 6/32
Муниципалдык ишкананын техникаларын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн алдындагы «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т. Абдыкеримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүндөгү «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасына Ак-Кыя, Сары-Булак, Төлөк айылдарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө сатылып келинген трициклдер «Желмаян» Ак-Кыя, Төлөк айылдарынын айыл башчыларынын көзөмөлүндө болуусу менен каржылоо жагы муниципалдык ишканага тапшырылсын.
2. «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын балансасындагы техникалардын (Беларусь МТ-82 трактору, XGMA эксковатор-погрузчик, FAV оор жүк ташуучу автосамосвалдын) айдоочуларынын эмгек акысы тарифтик негизде жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т. Абдыкеримовго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |