Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 3-июлундагы № 7/33
Төлөк айылындагы «Чокой-Булак» участкасына
«О» мобилдик байланыш антеннасын
коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өрөөндөгү калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында мобилдик байланыш антеннасын коюуга «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коомуна Төлөк айылындагы «Чокой-Булак» участкасынан 0,04 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу менен жеринде ченеп өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |