Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2026-жылдын 21-апрели № 14
“Баткен шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоодо “Баткен –Таза суу” муниципалдык чарбалык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-бернинин 4-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен –Таза суу” МЧИ маалыматын угуп-талкуулап чыккан шаардык Кеңешинин архитектура курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
· Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системасынын учурдагы абалын талдап, көйгөйлөрдү жоюу боюнча конкреттүү иш-чаралар планын иштеп чыксын;
· Суу менен камсыздоо обьекттерин оңдоо, реконструкциялоо жана жаңылоо боюнча иштерди күчөтсүн;
· Инвестицияларды жана донордук каражаттарды тартуу боюнча иш алып барсын.
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №______ токтомуна
№ 1 тиркеме
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы «Таза Суу» муниципалдык ишканасы (мындан ары – Ишкана) 2012-жылдын октябрь айындагы №23/36 сандуу Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясында “Баткен-Таза Суу” муниципалдык чарбалык ишканасы болуп кайра түзүлүп, булганыч сууларды тазалоо милдети кошо берилген. Ишкананын негизги максаты: – Баткен шаардык Кеңеши бекиткен социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына жана мэриянын тапшырмаларына ылайык Баткен шаарынын калкын сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Ишкананын негизги милдеттери: - Баткен шаарынын аймагында суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) системаларынын туруктуу, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу; - Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууда суунун сапатын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарына жана санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык сактоо; - Суу түтүк жана канализация тармактарын, курулмаларды жана башка инженердик инфраструктура объектилерин сактоо, техникалык тейлөө, оңдоо жана өнүктүрүү; - Саркынды суулардын чогултулушун, агызылышын жана тазаланышын экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык камсыз кылуу; - Шаардык кеңеш жана мэрия тарабынан бекитилген программаларды, пландарды жана иш чараларды ишке ашыруу; - Суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларында авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана аларды белгиленген тартипте жоюу болуп саналат. “Таза Суу” муниципалдык ишканасы 52 штаттык бирдик менен бекитилип, учурда жалпы 44 жумушчу эмгектенет.
Баткен шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн Туура таш участкасындагы “Таза-Суу” базасында сыйымдуулугу 2000м3 тан 4000 м3 түзгөн эки суу кампасы жайгашкан. Азыркы күндө 1000м3 тан 2000 м3 ту түзгөн 2 (эки) суу кампасы, 1(бир) даана 1000м3 түзгөн суу кампасы суунун көлөмүнүн аздыгынан убактылуу пайдаланбай турат. Суу кампаларды таза суу менен камсыз кылуу үчүн ЭЦВ-10, , ЭЦВ-65, ЭЦВ-110 үлгүсүндөгү 7(жети) суу насостору иштелип турат. Аталган суу тартуучу насостор секундуна 8-17 литр суу айдап берет. Ар кандай кырдаалдын алдын алуу максатында бүгүнкү күндө 2(эки) насос оң абалда сакталып турат. Мындан сырткары: - Лесхоз айылындагы суу тосмосунда саатына 3-10 л.суу келип турат. - Туура-Таш таза суу базасынын ичинде саатына 210 м345 квт. жана 63м3 , 22 квт. 2 даана; - Чет-Булак участкасында 63м3 , 22 квт.210 м3 , 45 квт, ЭЦВ-8 жалпы 4(төрт) скважиналар иштелип турат. - Бужум айылында 63 м3 22квт. скважина оң абалда запаста турат. Шаар аймагында жалпы узундугу 269 км болгон таза суу түтүк тармактары бар. Ал эми үй короолорунан 1566 атуулга ичүүчү таза суу чыгарылып, суу түтүктөрү тартылган. Мындан тышкары 420 даана, көчө колонкалары жана суу кудукчасы орнотулган. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын 2025- жыл ичинде Кыргыз Республикасынын коммуналдык таза сууну жеткирүү жана саркынды сууларды кабыл алып, тазалоо боюнча колдонуудагы эрежелер так сакталып, иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик-укуктук актыларына, Баткен шаардык кеңешинин чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополияга каршы жөнгө салуу органы тарабынан бекитилген тарифтерге ылайык жүргүзүлгөн. Анын негизинде Баткен шаарынын калкы, ошондой эле коммерциялык уюмдар жана мекеме-ишканалар менен келишимдер түзүлгөн. Мекеме ишканалар жана жарандардан келген кат арыздар боюнча: 2025-жыл ичиндеТаза-Суу муниципалдык ишканасына мекеме ишканалар тарабынан 584 кат келген. Анын ичинен 302 катка жооп берилип, 282 кат маалымат иретинде жабылган. Ал эми жарандар тарабынан жалпы 297 жазуу жүзүндөгү арыз келип түшкөн. Бардык арыздар белгиленген тартипте катталып, аларга өз убагында кат аркылуу жооптор берилген. Мындан тышкары, 105 жаран оозеки түрдө кайрылган. Аталган кайрылуулар ишкананын каттоо журналына катталып, жеринде каралып, маселелер мүмкүн болушунча ыкчам чечүүгө аракет көрүгөн. Оозеки кайрылуулардын негизги бөлүгү ассенизатордук кызматтарга жана түтүктөрдүн жарылуусуна (порывдарга) байланыштуу болду. 2025-жыл ичинде бүгүнкү күнгө чейин жалпы 180 техникалык шарт берилди. Баткен шаарынын жашоочуларынан келип түшкөн арыз-даттануулар арыздын негизинде кабыл алынып, жообу кат жүзүндө же болбосо жеринде чечүү жолу менен берилүүдө. Мамлекеттик мекемелерден жана жарандардан келип түшкөн каттар, кайрылуулар жана арыз-даттануулар “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын каттоо журналына өз убагында катталып, алар боюнча жооптор белгиленген мөөнөттөрдө берилүүдө жана тиешелүү иштер өз убагында аткарылууда. Күн сайын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын сантехник кызматкерлерине келип түшкөн арыздардын негизинде башкы инженер тарабынан жумушчу жыйын өткөрүлүп, анда Баткен шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз жана өз убагында камсыз кылуу жана көзөмөлдөө ишкананын башкы милдети экендиги белгиленет. Ошондой эле жарылган түтүктөрдү ыкчам калыбына келтирүү жана суу чыкпай калган көчөлөрдү текшерип, тиешелүү чараларды көрүү боюнча кагаз жузундө тапшырмалар берилет. Аткарылган иштер боюнча: “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан суу түтүктөрүн оңдоп түзөө боюнча 2025-жыл ичинде Баткен шаарынын жана кварталдарынын аймактарында сууну керектөөнүн негизделген ченемдерине ылайык калктын сууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын түзүлгөн буйруктарынын негизинде ишкананын кызматкерлери тарабынан Суу тартып берүүчү насосторун жанылоо жана кээ бир колодецтердеги суу бөлүштүрүүчү тетиктери эскирип, жараксыз абалга келген тетиктерин жанылоо, ичүүчү таза суу жана саркынды суу түтүктөрүндө жолгон жарылууларды оңдоо, боюнча тиешелүү деңгээлде иш алып барылды. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча жыл ичинде 388 суу түтүгүндө жарылуу (порыв) катталган. Анын ичинен: - 97 учур долбоор менен курулган 24 сааттык “Таза-Суу” линияларында болгон; - 47 учур диаметри d180 мм жана d110 мм болгон ири түтүктөрдө катталган; - 75 учур жарандардын жеке турак үйлөрүнө киргизилген суу түтүктөрүндө болгон. - 169 учур эски суу линияларында катталган. Анын ичинен: - колодецтердин жапкычтарын алмаштыруу – 55; - оңдоо жана түзөтүү иштери – 114; - ошондой эле башка ар түрдүү оңдоп-түзөтүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, жарандар арасында абоненттердин ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына белгиленген тартипте туташтырылышы, аталган кызматтар боюнча келишим түзүү же түзүүгө милдеттүү экендиги, ошондой эле ичүүчү сууну сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануу, суу эсептегичтерди орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Азыркы күндө Баткен шаарынын Булак –Башы кварталынын Токтогул-Олуя айылы 24 саат таза суу менен камсыз болгон. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Таза Суу муниципалдык ишканасы тарабынан Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгына караштуу Тамаша-Жай массивине Ош-Разаков автожолунун 231-232 чакырымынын күн чыгыш тарабындагы жол боюнан таза суу түтүгүн орнотуу боюнча таза суу түтүгүн монтаждоо жана ага байланыштуу курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү пландаштырылган. Бул иштер калкка таза ичүүчү суу менен камсыздоо сапатын жакшыртуу жана аймакта пайда болгон техникалык муктаждыктарды чечүү максатында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана техникалык регламенттерине ылайык, жер казуу, инженердик тармактарды монтаждоо, түтүк өткөрүү коридорлорун даярдоо сыяктуу иштерди баштоодон мурда тиешелүү мамлекеттик органдарынын уруксаты талап кылынгандыктан, курулуш-монтаждоо иштерине уруксат (ордер) алынып, иштердин коопсуздугун камсыздоо, жол кыймылын убактылуу чектөө, ошондой эле калкка ыңгайсыздык жаратпоону минималдаштыруу, казылган траншеяны кайра көмүү жана территорияны калыбына келтирүү жагы толугу менен ишкананын жоопкерчилигине алынып, кепилдик кат берилген. Иштер төмөнкү этаптар боюнча жүргүзүлдү: 1. Жер алдындагы инженердик коммуникацияларды аныктоо жана белгилөө; 2. Суу түтүгү үчүн траншея даярдоо; 3. Түтүктөрдү төшөө жана туташтыруу; 4. Гидросынактарды жүргүзүү; 5. Траншеяны кайра көмүү жана территорияны калыбына келтирүү. Иштердин коопсуздугун камсыздоо, калкка ыңгайсыздык жаратпоону минималдаштыруу толугу менен Таза-Суу ишканасынын жоопкерчилигине алынган. Учурда 1 км. жакын жерге d 110 мм болгон полиэтилен суу түтүктөрү түшүрүлүп, түтүктөрдү туташтыруу өз убакытында аткарылып, Таза-Суу ишканасы тарабынан казылган траншея кайра көмүлүп, калыбына келтирилди. Азыркы убакта Таза Суу мунципалдык ишканасы тарабынан Тамаша Жай массивине ичүүчү таза суу линиясы толук ишке киргизилип, пайдаланууга берилди. - Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы «Таза Суу» муниципалдык ишканасы тарабынан Баткен шаарынын Булак-Башы кварталына караштуу Булак-Башы айылынын Кайым Иметов көчөсүнө 1 км ашык аралыкка таза суу линиясы тартылды. Аткарылган иштердин алкагында жаңы таза суу түтүктөрү орнотулуп, аталган көчөдөгү турак жайларды үзгүлтүксүз таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Курулуш иштери Таза Суу ишканасынын иш мерчемдеринин негизинде тиешелүү техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлүп. Таза-Суу ишканасы тарабынан казылган траншея кайра көмүлүп, калыбына келтирилди. Мындан тышкары, Булак-Башы айылынын калган көчөлөрүнө да таза суу чыгаруу маселеси каралып, 2026-жылга карата этап-этабы менен ишке ашыруу пландалууда. Жүргүзүлгөн иштер калктын жашоо шартын жакшыртууга, таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана санитардык-гигиеналык абалды жогорулатууга багытталган. - Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын негизги милдети — шаар аймагындагы бардык турак жайларда жана коомдук объекттерде ичүүчү таза суу менен саркынды суу тутумдарынын коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу болуп саналат. Бирок Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы Фаиза шаарчасында саркынды суу түтүктөрү курулуш жана санитардык нормаларды сактабастан жайгаштырылгандыктан, аларды тазалоо жана тейлөө учурунда олуттуу көйгөйлөр жаралууда. Тактап айтканда, имараттар саркынды суу түтүктөрүнүн үстүнө же инженердик коргоо зонасына уруксатсыз курулуп, имараттын негизги дубалдары менен фундаменттен тийиштүү аралык сакталган эмес. Мунун кесепетинен “Таза Суу” муниципалдык ишканасына түтүктөрдү тазалоодо кошумча күйүүчү май чыгымдалып, кошумча техника жана жумушчу күч тартууга муктаждык жаралууда. Ошондой эле ишкананын иш графиги бузулуп, калктан жана мекемелерден арыз-даттануулар көбөйүп, санитардык көзөмөл органдары тарабынан айып пул салынуу коркунучу жаралууда. Өз убагында профилактикалык тазалоо иштерин жүргүзүү мүмкүн болбой, ишкананын ишмердүүлүгүнө жана аброюна терс таасирин тийгизүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, ичүүчү таза суу жана саркынды суу түтүктөрү инженердик коргоо зонасына кирет. Аталган зоналарга имарат же курулуш салуу — мыйзам бузуу болуп эсептелет жана шаар куруу, санитардык нормаларга каршы келет. Ушуга байланыштуу Баткен шаарынын мэринин буйругу менен мэриянын, архитектура жана курулуш органдарынын жана “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Курулуш ээлери талаптарды аткарбаган учурда сот аркылуу чечим чыгартып, имараттарды мажбурлап буздуруу мүмкүн экендиги тууралуу эскертүүлөр берилди. Ошондой эле Фаиза шаарчасында калк арасында саркынды суу түтүктөрүнүн тыгылышы санитардык-эпидемиологиялык кооптуу абалды жаратып, ич өткөк, дизентерия, ич келте сыяктуу жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучун туудурары, ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын туура пайдалануу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. - Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза Суу” муниципалдык ишканасы КызылЖол кварталынын Кара-Тоо участкасында М.Марасулова, Б.Дыйканов, Ынтымак, Эгемендүүлүк, Кыргызстан көчөлөрүнө Сууну керектөөнүн негизделген ченемдерине ылайык калктын ичүүчү сууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында атайын буйрук чыгарылып, ишчаралар планы түзүлгөн. Анын алкагында суу тартып берүүчү насосторду жаңылоо, ошондой эле айрым колодецтердеги суу бөлүштүрүүчү тетиктер эскирип, жараксыз абалга келгендиктен, аларды оңдоо жана кээ бир жерлерин жаңылоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда кубаттуулугу 22–30 кВт болгон насостор иштеп жатат. Бирок орнотулган насостордун басымы (давлениеси) жетишсиз болгондуктан, айрым аймактарга суу толук жетпей калууда. Жаңы суу насосторун орнотуп, сууну жеткирүү үчүн ишкананын бюджеттик мүмкүнчүлүгү жетишсиз болгондуктан, учурда бул маселени толук чечүүгө мүмкүн болбой жатат. Аталган көчөлөрдү ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында суу насосторун орнотуу иштери ишкананын 2026-жылдын I–II кварталдарына карата аткарылуучу иш-чаралар планына киргизилген. Ишкананын бюджеттик мүмкүнчүлүгүнө жараша жаңы насос орнотулуп, суу жеткирүү маселеси чечилет деп ишенебиз. Техника каражаттары боюнча: Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын балансында 8(сегиз) автоунаа бар. Алардын ичинен: Портер, ИСУЗО, Трактор, Скарпион МТЗ-82 автоунаалары оң абалда кызматтык керектелүүлөргө пайдаланууда. Ал эми 1 скарпион трактору, 1 тико үлгүсүндөгү, Газ-53, 1 водовоз автоуунаалары техникалык себептерден улам азыркы күндө пайдаланууга жараксыз абалда турат. 2025-жылдын 1-апрелинде башталган “FSDS” коомдук фонду тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлүп, “Таза Суу”ишканасынын балансында турган №346 эски насосту кайрадан тазалоо иштери жүргүзүлүп, жаңыдан суу тартуучу насос коюулуп ишке киргизилген. “FSDS” фонду тарабынан 112 кожолукка 2300000 сомго материалдык каржылоо болуп, Булак Башы кварталына караштуу Токтогул Олуя массивине 24 саат таза суу менен камсыз кылынды. Жергиликтүү бийлик тарабынан 3000000 (үч милион) сом бөлүнүп, Чет-Булак кварталында жайгашкан 1000 м3 тук резервуардын жанына Араб эмират фонду тарабынан кошумча каражат кошулуп 1000м 3 тук резервуардын курулуу иштери жүрүүдө. Жергиликтүү бийликтен 5000000 (беш милион) сом акча каражат бөлүнүп, 2024-жылы Араб эмират фонду тарабынан каржыланып, казылып чыгарылган таза суу насостук кудукчадан 3.5 км. суу трубасы казылып орнотулуп, Чет-Булак аймагындагы жаңы курулуп жаткан резервуарга тартылып келинди. Бөлүнгөн 5000000 (беш милион) сом акча каражатына “Таза Суу” муниципалдык ишканасы тарабынан7000 (жети миң) метр d 110 мм. таза суу трубалары алынган. Калаган 3.5 км таза суу трубаларын Кызыл-Дөн аймагындагы Тамаша Жай массивине 1 км. жакын жерге d 110 мм болгон полиэтилен суу түтүктөрү түшүрүлүп, түтүктөрдү туташтыруу өз убакытында аткарылып тартуу үчүн пландаланууга берилди. Хлоратор боюнча: Таза Суу» муниципалдык ишканасынын хлоратор-лаборанты бекитилген иш тартибине ылайык, күн сайын бир жолу, тактап айтканда кечки саат 18:00дөн 20:00гө чейин, атайын хлоратор аппаратынын жардамы менен 3 (үч) резервуарга жалпы көлөмү 4 кг хлор затын кошуп, сууну зыянсыздандыруу иштерин жүргүзөт. Хлорлоо процесси санитардык-гигиеналык талаптарды жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен аткарылат. Суунун сапатын көзөмөлдөө максатында, ишкана тарабынан жумасына 2 (эки) жолу электрондук өлчөөчү аппарат колдонулуп, суунун тазалык көрсөткүчтөрү текшерилет. Текшерүүнүн жыйынтыктары тиешелүү журналга катталып, көзөмөлгө алынат. Мындан тышкары, ар бир айдын 20-күнү суу үлгүсү белгиленген тартипке ылайык, «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы кызматын координациялоо функциялары менен Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору» тарабынан берилген атайын стандарттык идишке алынып, лабораториялык анализден өткөрүлөт. Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыктары суунун санитардык нормаларга шайкештигин аныктоо үчүн колдонулат. БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ “ТАЗА СУУ” МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫ Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “ Таза суу” муниципалдык ишканасынын калкты тейлөөдөгү киреше табуучу кызматтары боюнча, Баткен шаарындагы ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда 2025-жылдын 4-кварталына карата 19867,3 сомго аткарып планга салыштырмалуу 1867,3 мин сом же болбосо 110% пайызга аткарылган жана таза сууну керектөөчүлөргө жеткирүү боюнча 115 % пайыз аткарылган, таза суу түтүктөрүнө техникалык шарттарды берүү боюнча коюлган 100% пайыздан 29% аткарылган, ар турдуу каражаттар боюнча коюлган пландан 1315% пайызга ашык аткарылган. Шаар калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу 2026-жылдан баштап үзгүлтүксүз берүү максатында шаар мэриясы жана шаардык Кеңештин көрсөтмөсү жана колдоосу менен бирдей багытта 2-3 долбоор ишке ашырылып жатат.
Директор Олжоев З