Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2026-жылдын 21-апрели № 15
Баткен шаарында санитардык эпидемиологиялык жана ветеринардык кызматтардын аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Баткен шаарынын аймагында санитардык эпидемиологиялык абалдын талапка ылайык сакталуусу , Баткен район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык
эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна кошо берилген. Буга байланыштуу аталган борбор тарабынан 2025-жыл ичинде шаар аймагында жайгашкан тиешелүү малекеттик мекемелерге жана ишкердиктин субъектерине карата пландуу жана пландан сырткары текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Пландуу жана пландан сырткары текшерүүлөр КРнын 2024-жылдын 12-январындагы
“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү” №10 мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 2007- жылдын 25-майындагы №72 “Ишкердиктин субъектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамынын жана анын 5-бөлүгүнүн 7-беренесин жетекчиликке алып, жалпы 300 дөн ашык объектиге рейддик текшерүлөр жүргүзүлгөн. Ишкердиктин субъектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүдө “Proverka KG” расмий порталына ар квартал сайын пландар түзүлүп, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин Баткен аймактык бөлүмү менен макулдашуу менен жүргүзүлгөн.
Баткен шаарында 2025-жыл ичинде жеке ишкерлер арасында жалпы 175 объектиге пландуу жана пландан сырткары текшерүү жүргүзүлүп, пландуу текшерүүлөрдө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган ишкерлерге жалпы 158 санитардык милдеттендирме берилген. Санитардык талаптарды өз убагында аткарбаган ишкерлерге Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин негизинде 45 протокол толтурулуп, 198000 сом айып пул салынган. 14 объекти убактылуу жабылып, табылган кемчилдиктер жоюлгандан кийин кайра ачылууга макулдук берилген. Лабораториялык изилдөөлөргө 814 үлгү алынып, Баткен шаарынын аймагында жайгашкан саламаттык сактоо, билим берүү жана таза суу муниципалдык ишканаларына да пландуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, табылган кемчилдиктер боюнча санитардык милдеттендирмелер берилген.
Ал эми Баткен шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн жумушчу комиссия менен биргеликте ар жуманын жума күнү Баткен Медиа менен рейд өткөрүлүп турулат. Аткарылган жумуштар социалдык желелерден чагылдырылып, жалпыга жарыяланып келет. 2025-жыл ичинде Баткен шаарынын аймагында тамак-аштан уулануу учурлары катталган эмес. Бирок шаар аймагындагы коомдук жайлар, коомдук тамак- аш жайлары заман талабына ылайык санитардык тазалыгын камсыз кылууга муктаждык бар. Шаардын ар тараптуу өнүгүүсүнө ылайык коомдук кызмат көрсөтүү жайларын тазалоо, жууп-сырдоо өндүү иштерди жандандыруу, жашыл зооналарды өнүктүрүү, ичүүчү таза сууну талапка ылайык калкка жеткирүү менен санитардык абалыбызды оң абалга жеткирүү сунушталат.
- Шаар аймагында ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы:
2025-жылдын эпизоотиялык алдын алуу планынын негизинде Баткен шаарынын мал жандыктары менен иш алынып барылган. Иш мерчеминде көрсөтүлгөн иш-чаралар толугу менен аткарууга алынган.
Шаар аймагында 2024-жылдын жыйынтыгы менен мал санак боюнча берилген маалыматта жылкылар 141 баш, ИММ- 2669 баш, МММ-12515 баш, үй-канаттуулары 79548 баш болгон. 9 позицция боюнча эмдөө жылкыларга жүргүзүлгөн. ИММ га 11 позиция, МММ га 13 позиция боюнча эмдөөлөр жүргүзүүп, үй канаттууларына 5 позицция боюнча эмдөө берилген.
Эпизоотиялык пландын негизинде 2026-жылга ИММ ды эмдөө иштери бруцеллез ылайңына 720 баш ИММ дан кан текшерилүүдөн өткөрүлсө, нодулярный дерматике 1300 баш ИММ эмделүүсү керек. Шарп ылайңына каршы 5300 баш эмдөөдөн өткөрүү пландалып, кара сан ылаңына 1300 баш мал пландалууда. Жалпы 862 баш ИММ ди эмдөө пландалууда.
Ушундай эле эмдөө планы 23000 баш МММ га пландалган. МММдын кыргынына 7500 баш, пастереллез ылайңына 3000 баш, кой эчкилердин кул ылаңына 7500 баш, МММ дын бруцеллез ылайңына 5000 баш эмделет. Үй канаттууларынын чума “Н” ылаңына каршы 2500 баш эмдөө, кутурма ылаңына 123 баш ит мышык эмдөө, иттердин эхинококкоз ылаңына каршы 492 баш эмдөө пландалган.
2025-жыл ичинде Шаар аймагында жолбун иттерди жана чөө бөрүлөрдү атып жок кылуу үчүн шаардын жергиликтүү бюджетинин 400000 миң сом бөлүнүп, тендердин жыйынтыгы менен ЧП Ходжаев 384000миң сом каражат сарпталган. Аталыган ит, чөө бөрүлөр каралган тартип менен күйгүзүлүп, АТО башчыларынын катышуусунда жок кылынылат.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
- Шаар аймагындагы коомдук жайларынын , кызмат көрсөтүү жайларынын санитардык тазалыгынын абалын жакшыртуу;
- Калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрү иштери күчөтүлсүн;
- Ветеринардык кызмат менен билгеликте малдарды өз убагында эмдөө иштери уюштурулсун;
- Шаар аймагындагы мыйзамсыз соода жургузгон мал союу жана санитардык талаптарды бузуу фактыларын жоюу боюнча чарларды көрсүн;