Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 3-июлундагы № 7/34
«Ак-Таш-Дордой» жоопкерчилиги чектелген коомуна бөлүнүп берилген жер аянтынын (пром.зона) ичинен ишмердүүлүгүн түштүк тарабына жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Ак-Таш-Дордой» жоопкерчилиги чектелген коомуна бөлүнүп берилген 2,5 га жер аянтынын (пром.зона) ичинен ишмердүүлүгүн түштүк тарабына жылдырууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде «Ак-Таш-Дордой» жоопкерчилиги чектелген коомуна бөлүнүп берилген 2,5 га жер аянтынын (пром.зона) ичинен ишмердүүлүгүн түштүк тарабына жылдырууну жеринде карап, өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |