Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2026-жылдын 21-апрели № 16
“Баткен шаарынын муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдалануунун жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”
№ 37 Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген Типтүү жобонун, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. “Баткен шаарынын муниципалдык менчиктеги объекттерин пайдалануунун жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары-Жобо) бекитилсин.
2. Баткен шаарынын муниципалдык менчиктеги обьекттеринин бирдиктүү реестрин жүргүзүлсүн;
3. Баткен шаарынын мэриясына: мурда кабыл алынган ушул маселеге карата карама-каршы келген токтомдор күчүн жоготту деп табылсын;
4. Бул токтом Баткен шаарынын калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5. Бул токтомду мамлекетик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин архитектура курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин
2026-жылдын 21-апрелиндеги VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №16 токтомуна
№1 тиркеме
Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө
1-Глава. Жалпы жоболор
1.Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ушул Типтүү жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги объекттерди кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Баткен шаарынын мэриясы ушул Жобонун 8-главасын жана 4-главанын
11-пунктун кошпогондо, ушул Жобонун жана өз ыйгарым укуктарынын талаптарына ылайык муниципалдык мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырат.
2-Ушул Жободо пайдаланылган түшүнүктөр:
ижара– ижарага берүүчү тарабынан муниципалдык менчиктеги объектти пайдалануу укугу менен ижарага алуучуга белгиленген акы алуу менен белгилүү бир мөөнөткө берүү;
ижарачы– ушул Жободо белгиленген тартипте муниципалдык менчиктеги объектке убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак;
ижарага берүүчү – муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө тиешелүү ыйгарым укуктар аларга берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле муниципалдык мекеме, муниципалдык ишкана;