Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2026-жылдын 21-апрели № 17
“Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №01-08/28 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрция жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 39-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 2018-жылдын 21-июндагы VI чакырылшынын кезектеги X сессиясынын №01-08/28 токтомуна толуктоо киргизүүгө макулдук кортундусунун, шаар мэриясынын 2026-жылдын 16-мартындагы №А-167 катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №01-08/28 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
-Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсү менен Жибек-Жолу көчөсүнүн кесилишиндеги Г.Алибаевага тиешелүү 297м2 Ж-1 (жеке турак жай багытындагы) жер аянты Ц-1 (жалпы ишкерлик, соода иш зоонасы) багытына которулууга деген 3-пункт -төмөнкүдөй оңдолуп жазылсын:
-Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсү менен Жибек-Жолу көчөсүнүн кесилишиндеги Алибаева Лайли Таштановнага тиешелүү 297м2 Ж-1 (жеке турак жай багытындагы) жер аянты Ц-1 (жалпы ишкерлик, соода иш зоонасы) багытына которулууга;
2. Токтом шаар калкына шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция
башкармасына жөнөтүлсүн.
4.Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана
коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |