Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2026-жылдын 21-апрели № 18
“Баткен шаарынын аймагындагы жайыттардын 2026-жылга жайыт акысын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2;5 пункттарына жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 27-марттагы отурумунун протоколунун жана корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысынын өлчөмдөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Баткен шаарынын мэриясына:
3. Жайыт акысын төлөө тартиби жана мөөнөттөрү белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
4.Шаар аймагындагы жайыттарга 2026-жылдын 20-майынан баштап мал алып чыгууга макулдук берилсин.
5. Бул токтом Баткен шаарынын калкына шаардык Кеңештин расмий сайты жана социалдык баракчасы аркылуу жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Ураимжанов Т/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XIII сессиясынын №_____токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2026-жылдагы жайыт жерлери боюнча маалымат.
Муниципалдык менчик департаментинин карамагындагы жайыт жер 4324,0 га жер аянты бар, ал эми бир жылдык планы 550 000(беш жүз миң)сом болот.
Анын ичинен:
Жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган жапайы өскөн мөмө жемиш тамак аш продуктыларын жеке пайдаланууга чогултуу максатында-190 000сом.
Ал эми жакынкы жана алыскы жайытка мал багуу үчүн 360 000(үч жуз алтымыш миң)сом.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун негизинде Баткен шаарына караштуу жайыттарды пайдалануу үчүн мал башына акы төлөөнүн тартиби:
№ | Малдын түрү | Шарттуу саны | 1-башка жайыттын жер салыгы(сом) |
1 | Ийри мүйүздүү мал | 1 | 9 |
2 | Кой-Эчки | 0.2 | 1.80 |
3 | Жылкы | 1 | 9 |
Малдын түрү боюнча жайытты пайдалануу жана жер салыгы үчүн төлөмдү каттоо жана 2026-жылга малдын түрунө,мал башына коюлган жайыт акы.
№ | Малдын түрү | 1-башка жайыт үчүн төлөм(сом) | 1-башка жайыттын жер салыгы(сом) | 1-башка жалпы төлөм(сом) |
1 | Ийри мүйүздүү мал | 191 | 9 | 200 |
2 | Кой-Эчки | 48,20 | 1.80 | 50 |
3 | Жылкы | 191 | 9 | 200 |
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №3-86 токтомунун негизинде Баткен шаарына караштуу жайыттарды пайдалануу үчүн мал башына акы төлөөнүн тартиби.
№ | Малдын түрү | Шартуу саны |
1 | Ийри мүйүздүү мал | 1 |
2 | Кой-Эчки | 0,2 |
3 | Жылкы | 1 |
4 | Жалпы |
|
Баткен шаарында жалпы 4324,0 гектар барабар болгон жайыт жери бар. 4324,0 гектар жеринен 550 000сом алууну пландаштырууда,башкача айтканда ар бир гектарынан 127,20 сомдон.
Малдын түрүн “Мал башынын шарттуу санына”айландыруу төмөнкү схема боюнча аныкталат.
№ | Малдын түрү | Саны | Которуу коэффиценти | ШМБ |
1 | Ийри мүйүздүү мал | 550 | 1 | 550 |
2 | Кой-Эчки | 4500 | 0,2 | 900 |
3 | Жылкы | 60 | 1 | 60 |
4 | Жалпы | 5110 |
| 1510 |