Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 3-июлундагы № 7/36
2025-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана калган акча каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 117-беренесине ылайык,
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айлык жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р. Калмамбетованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айлык бюджетинин кирешелер бөлүгү боюнча 1 7987,5 миң сом, чыгашалар бөлүгү 17 688,2 миң сом акча каражатына аткарылгандыгы канаатандырылсын.
2. Ак-Кыя айылына балдар аянтчасына каралган акча каражаттан 330,3 сом акча каражаты балдар аянчасына курулуш материал алууга, 44 340 сом полигондун тегерегин тосууга, “видеокамера” коштурууга жана ар кандай чыгымдар беренесинен укук бузууну алдын алуу боюнча айылдарда иш алып баруу үчүн күйүүчү майына 6,5 сом акча каражаты жумшалсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |