Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2026-жылдын 21-апрели № 20
Базар-Башы аймактык башкармалыгынын “Н.Боркошов” көчөсүнүн №33 дарегинде жайгашкан мурдагы Фельдшер-акушердик пунктунун (ФАП) имараты жайгашкан эски имаратты жана ээлеген 0,08 га жер аянты менен Баткен шаардык ИИБ карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергилиткүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-бееренесинин 2-пунктуна, 34-беренесинин 5-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 17-апрелиндеги №01-12/2273 кызматтык каты талкууланып чыгып, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы Токтом кылат:
1.Базар-Башы аймактык башкармалыгынын “Н.Боркошов” көчөсүнүн №33 дарегинде жайгашкан мурдагы Фельдшер-акушердик пунктунун (ФАП) имараты жайгашкан эски имаратты жана ээлеген 0,08 га жер аянты менен Баткен шаардык ИИБ карамагына “кризистик борбор куруу үчүн” балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин
2. Аталган эски имаратты жана жер аянтын өткөрүп берүү тартибин жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэиясына /С.Кулубаев/ тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
4.Токтом Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |