Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2026-жылдын 21-апрели № 21
“Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүү акыларын бааларын бекитүү жөнүндөгү” Баткен шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №6 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4 -пунктуна жана Баткен шаардык Кеңешинин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 23-мартындагы корутундусуна, Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Базарлар-дирекциясы” муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын 3-мартындагы №3 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1.“Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүү акыларын бааларын бекитүү жөнүндөгү” Баткен шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №6 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Базарлар-дирекциясынын мал базарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн акылары төмөнкүдөй баада бекитилсин:
- мал базарга алынып кирилип сатылган бодо мал (уй, бука, торпок, топоз,) – 100 сом;
- майда мүйүздүү мал (МРС) -50 сом
- кой, эчки (козу, улактар) – 30 сом,
- Жылкылар -100 сом
-унаа токтоочу жайдагы ар бир унаа үчүн 20 сомдон төлөм жүргүзүлсүн.
- тастыктама (справка) берүү 200 (эки жүз) сом;
-ветеринардык жол күбөлүк (мал үчүн) – 50 сом;
- даараткана (1 кишиге) – 15 сом
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайт аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |