Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 3-июлундагы № 7/37
Жайыт жерлерди өз билемдик менен тосуп алган жарандарга ижара акысын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2.2-бөлүмчөсүнө ылайык, Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл аймагынын аймагында аныкталган 214 га жайыт жерлерди өз билемдик менен тосуп алып, колдонуп келген жарандарга 2022-жылдан үстүбүздөгү жылга чейин 1,0 га жер аянтына 1 000 (бир миӊ) сом өлчөмүндө жана 2025-жылдан баштап 1,0 га жер аянтына 1 200 (бир миӊ эки жүз) сом өлчөмүндө ижара акы төлөө жагы белгиленсин.
2.Бул токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык, «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын жергиликтүү бюджетине түшүрүү жагы ишкананын жетекчиси Т. Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |