Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2026-жылдын 21-апрели № 22
“Баткен шаарында “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымынын ставкасын” бекитүү жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешининн VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 8 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 74 жана 75 беренелерине ылайык, ” Баткен шаардык Кеңешининн VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 8 токтомуна толуктоолорду киргизүү максатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаары боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 18-февралдагы №01-07/21 кызматтык катынын, Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика, инвестиция, салык жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. “Баткен шаарында “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымынын ставкасын” бекитүү жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешининн VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 8 токтомуна толуктоолор киргизилсин.
2.Баткен шаарынын 2026-жыл үчүн “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымдарынын ставкасы төмөнкүдөй белгиленсин жана “Салык эмес кирешелер” Кодексинин жобосуна ылайык эсептөө жүргүзүлсүн :
-Юридикалык жактарга ар бир иштеген адам санына жараша эсептик көрсөткүч 100 пайыз өлчөмдө;
-жеке ишкерлерге ар бир иштеген адам санына жараша эсептик көрсөткүч 100 пайыз өлчөмдө;
-физикалык жактарга ар бир үйдө жашоочулардын санына жан башына 10 сом
өлчөмүндө;
3. Бекитилген эсептик көрсөткүчкө ылайык мөөнөтүндө таштанды жыйымдарын төлөө жалпыга жайылтылсын.
4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
5.Мамлекеттик реестирге катталуу үчүн токтом Баткен облусттук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы, экономика, инвестиция, салык жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Р.Орозбаев/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |