Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 24-июлундагы № 8/38
Дем берүүчү (Үлүштүк) гранттка долбоор үчүн каралган өздүк салымды кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин
2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин регламентинин
2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык, бюджеттик комитеттин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жыл үчүн Дем берүүчү (Үлүштүк) гранттка жазылган долбоорлору жокко чыгарылганы белгиленсин.
2. 2025-жыл үчүн Дем берүүчү (Үлүштүк) грантка жазылган долбоорлор үчүн өздүк салымга каралган 1685,5 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүштө жумшалсын:
Бөлүмдөр | 2214 | 2221 | 3111 | 3112 | Эскертүү |
Аппарат | +50,0 |
| -985,5 | +861,8 | Кызматтык автоунаага запастык бөлүктөрдү алууга, Ак-Кыя айылына атайын техника “Джатка” алууга |
Мектеп |
| -150,0 |
| +106,0 | Ү. Бейшеев мектебине “видео-камера” орнотууга |
Бала бакча |
|
|
| +117,7 | “Фаризат” бала бакчасына отказанын алууга |
3. Жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражатты жогорудагыдай бөлүнүштө каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Кочкор финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р. Калмамбетовага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |