Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 27-августундагы №9/39
Сары-Булак айыл аймагынын аймагында Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулунун сунушун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамына ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында Тынчтык Жобосу иштелип чыгып, бекитилсин.
2. Айыл аймагынын аймагында Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамда белгиленген талаптарды Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |