Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 15-сентябрындагы № 10/ 41
Сары-Булак айылынан Долон ашуусунун кырына чейин күндөн кубат алуучу түнкү жарыктандыруу мамычаларын орнотуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын Сары-Булак айылынан Долон ашуусунун кырына чейин күндөн кубат алуучу түнкү жарыктандыруу мамычаларын орнотууүчүн Нарын облустук «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорун бекитүү максатында Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагындагы Сары-Булак айылынан Долон ашуусунун кырына чейин күндөн кубат алуучу түнкү жарыктандыруу мамычаларын орнотуу үчүн жалпы наркы 12358888 (он эки миллион үч жүз элүү сегиз миң сегиз жүз сексен сегиз) сом каражаты Нарын облустук «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |