Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 15-сентябрындагы № 10/42
Айылдын «Ардактуу атуул» наамын
берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесине, Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 10-бөлүмүнүн
10,1 бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 4-бөлүгүнүн 4.1.15-бөлүкчөсүнө ылайык айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ч. Бейшеевдин маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөсү болгон төмөндөгү адамга айылдын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
1. Чекирбаев Эркинбек Замирович
2. Сары-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамына көрсөтүлүп жаткан атуулдун күбөлүгүн алып берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |