Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 15-сентябрындагы № 10/43
Бош жана жергиликтүү бюджеттен пайдаланбай калган жана кайтарылып келген акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык, бюджеттик комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө кайтарылып келген 200,0 жана 140,0 миӊ сом акча каражаттарды аппараттын 2215 беренесине 300,0 миӊ сом, ал эми 3112 беренесине 40,0 миӊ сому бөлүштүрүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда пайдаланылбай калган акча каражаттары кайра төмөндөгүдөй бөлүнүштө бекитилсин:
Бөлүмдөр | 2215 | 2224 | 3111 | 3112 | Эскертүү |
Аппарат | +300,0 |
| -480,0 | +70,0 | МИ га -300,0 видеокамера-70,0 |
Китепкана |
|
|
| +50,0 | Төлөк китепканасына компьютер алуу |
Мектеп |
| +400,0 |
|
| Спорт залга көмүр алуу үчүн |
3. Жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражатты жогорудагыдай бөлүнүштө каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Кочкор финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р. Калмамбетовага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет, экономика, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |