Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 15-октябры № 11/44
IV Элдик Курултайга Сары-Булак айыл аймагынан делегаттарды
шайлоону уюштуруп, өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алып, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 Жарлыгы, III Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 21-декабрында кабыл алынган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө Жобо жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын калкынын саны 2644 болгондуктан, жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өкүлдөрдүн жалпы саны 30 деп бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өкүлдөрүн шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучу өкүлдөр Сары-Булак айыл аймагындагы Ак-Кыя, Сары-Булак, Төлөк айылдарынын калкынын санына жараша пропорционалдуу шайлансын (2-тиркемеге ылайык).
5. Сары-Булак айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктун жыйына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 17-октябрынан 20-октябрына чейин белгиленсин (3-тиркемеге ылайык).
6.Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү күнү 2025-жылдын 1-ноябры деп белгиленсин. (4-тиркемеге ылайык).
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларына жана жумушчу топко жергиликтүү коомдоштуктун жыйына катышуучу өкүлдөрүн шайлоо боюнча жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |
Сары-Булак айылдык кеңешинин
11- сессиясынын 2025-жылдын
15-октябрынын № 11/45 токтомунун 1-тиркемеси
Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу тобунда ролу | Кайсы айылга жооптуу |
1 | Ч. Бейшеев | Айылдык кенештин төрагасы | Төрага | Баардыгына |
2 | Н. Керимкулов | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы | Катчы | Баардыгына |
3 | И. Назарова | Айылдык кенештин депутаты | Мүчө | Ак-Кыя |
4 | С. Алышпаева | Айылдык кенештин депутаты | Мүчө | Сары-Булак |
5 | С. Абласова | Айылдык кенештин депутаты | Мүчө | Төлөк |
6 | Бактыбек уулу Майрамбек | Айыл өкмөтүнүн кызматкери | Мүчө | Ак-Кыя |
7 | А. Жакыпов | Айыл өкмөтүнүн кызматкери | Мүчө | Төлөк |
Катчы: Н. Керимкулов
Сары-Булак айылдык кеңешинин
11- сессиясынын 2025-жылдын
15-октябрынын № 11/45 токтомунун 2-тиркемеси
Сары-Булак айыл аймагынын айылдары |
боюнча өкүлдөрдүн бөлүнүшү |
Айылдын аталышы | Айылдын калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны (% менен) | Берилүүчү квотанын саны |
Төлөк | 1574 | 59,5 | 18 |
Ак-Кыя | 820 | 31 | 9 |
Сары-Булак | 250 | 9,5 | 3 |
жалпысы | 2644 | 100 | 30 |
Катчы: Н. Керимкулов
Сары-Булак айылдык кеңешинин
11- сессиясынын 2025-жылдын
15-октябрынын № 11/45 токтомунун
3-тиркемеси
Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын
ГРАФИГИ
№ | Айылдар | Убактысы | Өтүлүүчү жери | Жооптуулар
| |
күнү | сааты | ||||
1 | Ак-Кыя айылы | 17-октябрь | 11-00
| О. Макишов атындагы Каракужур маданият үйүндө | Айылдык кеңеш. Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
2 | Сары-Булак айылы | 17-октябрь | 14-00 | №14 жол тейлөө ишканасынын имаратынын жанында | Айылдык кеңеш. Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
3 | Төлөк айылы | 20-октябрь | 11-00
| Кең-Суу айылдык клубу | Айылдык кеңеш. Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Катчы: Н. Керимкулов
Сары-Булак айылдык кеңешинин
11- сессиясынын 2025-жылдын
15-октябрынын № 11/45 токтомунун 4-тиркемеси