Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 28-майы № 186
Кыргыз Республикасынын виртуалдык
активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу
жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу
органынын маселелери жөнүндө
Мамлекеттик органдардын ортосунда өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функцияларын чектөө жолу менен виртуалдык активдер чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында, «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы» мамлекеттик мекемесинин базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик (мындан ары – ВАУА) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын штаттык саны 2-тиркемеге ылайык;
3) ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелген 7 040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка;
4) ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
5) ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
3. ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларына төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызы өлчөмүндө үстөк;
2) өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарды аткаргандыгы үчүн кызматтык маянанын 100 пайызы өлчөмүндө үстөк;