Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июну № 8
“Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Уставын жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына ылайык жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык,Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1.”Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Уставы өз алдынча иштелип чыккан жаңы редакцияда бекитилсин.
2.Ак-Башат айылдык кеңешинин “Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Уставын бекитүү жөнүндө” токтомун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Азаматовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Башат айылдык кеңешинин социалдык коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендигин жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгынын ырастоо үчүн.
Төрага |
| И.С.Рыскулов |