Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 02-сентябры №10-12
«Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин 2024-жылдын 30-декабрындагы кезектеги 3- сессиясынын №3-4 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин 2024-жылдын 30-декабрындагы кезектеги 3-сессиясынын “2025-жылга карата айыл аймагынын жарандарынын тамарка, айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыктарына жеңилдиктерди берүү жана коэфициенттерди белгилөө жөнүндө” №3-4 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин 2024-жылдын 30-декабрындагы кезектеги 3-сессиясынын “2025-жылга карата айыл аймагынын жарандарынын тамарка, айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыктарына жеңилдиктерди берүү жана коэфициенттерди белгилөө жөнүндө” №3-4 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Токтомдун 5-пунктундагы 2025-жылга карата айыл аймагы боюнча кожолука таштанды салыгы 120 (бир жүз жыйырма) сомдун ордуна 100 (бир жүз) сом жана ишкерлерге ар бир ишчи башына 120 (бир жүз жыйырма) сомдун ордуна 100 (бир жүз) сом деп өзгөртүлсүн.
3. Мыйзам чегинде сатуудан түшкөн акча каражаты лизинг жолу менен алынган кызматтык автоунаанын төлөмүнө которууга макулдук берилсин.
4. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |