Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры №11-1
Элдик Курултайга Көк-Жар айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын жана Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 чечиминин негизинде, 2025-жылдын 22-23-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Көк-Жар айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны маданият үйүндө 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2. Көк-Жар айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 1-тиркемеге ылайык 150 болуп бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин. (мындан ары-Жумушчу топ).
5. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча аймагында өткөрүүгө бардык Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттары тиешелүү айылдарына жооптуу болуп бекитилсин.
6. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүдө уюштуруп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |