Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 13-октябры №11-2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы №278 сандуу сунуш катына макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында Көк-Жар айыл аймагында тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы бекитилсин.
3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айылдык кеңешинин депутаттары, аялдар кеңешинин төрайымы жана мүчөлөрү, маданият кызматкерлери, айыл башчылары, имамдары жана айыл аксакалдары мечиттерде жана эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы тараптарга милдеттендирилсин.
4. Айыл аймагындагы тойканаларда жана үйдө өтүүчү маараке, тойлор (бешик той, сүннөт, үй той) кабыл алынган чечимге негиз саат 22-00 гө чейин токтотулсун.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талабын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине таянып, түзүлгөн комиссия тарабынан тийиштүү чаралар көрүлсүн.
6. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |