Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 13-октябры №11-3
Жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Он Эки Мойнок айылынын тургуну Э.Калмурзаевдин арызына негиз, Он Эки бел айылында жайгашкан жеке менчик турак-жай багытындагы 1800,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 300,0 чарчы метр жер аянтынын максатуу пайдалануу багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Он Эки Мойнок айылынын тургуну Э.Калмурзаевдин арызына негиз, Он Эки бел айылында жайгашкан жеке менчик турак-жай багытындагы бир миң сегиз жүз чарчы метр жер аянтынын ичинен үч жүз чарчы метр жер аянтынын максатуу пайдалануу багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Архитектуралык пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |