Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 13-октябры №11-4
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 6-октябрындагы №318 сандуу катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-октябрындагы № 318 сандуу катына негиз, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин 7-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясындагы «Көк-Жар айыл аймагында ээсиз катталган жер аянттарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» №21 жарлыгына негиз мыйзамдаштырууга, айылдык калктуу конуштарда жер участокторуна укук берүү, үй куруу эрежелери жана жерди пайдалануу негизинде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу» №5-11 токтомунда бекитилген тиркемедеги тизмени жокко чыгарууга макулдук берүү максатында, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-октябрындагы №318 сандуу кайрылуусу колдоого алынсын.
2. Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин 7-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясындагы «Көк-Жар айыл аймагында ээсиз катталган жер аянттарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» №21 жарлыгына негиз мыйзамдаштырууга, айылдык калктуу конуштарда жер участокторуна укук берүү, үй куруу эрежелери жана жерди пайдалануу негизинде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу» №5-11 токтомунда бекитилген тиркемедеги тизмеси «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарына дал келбей, бекитилген тизмедеги жарандардын курулуштары жоктугуна байланыштуу тизмени жокко чыгарууга макулдук берилсин жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |