Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 13-октябры №11-5
Жеке ишкер Б.Жалаловдун арызы тууралуу
Жеке ишкер Б.Жалаловдун арызына негиз, «Чор каран» гипс карьерин чалгындоого макулдук берүү максатында Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жеке ишкер Б.Жалаловдун арызына негиз «Чор каран» гипс карьерин 1 (бир) жылдык мөөнөткө чалгындоо иштерине макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ишкана тарабынан айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бөлүнгөн акча каражаты айылдык кеңеш менен макулдашылсын.
4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | Р. Арапов |