Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 8-сентябры № 14/1
Дөбөлү айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 02-сентябрындагы №01-17/3832 катын карап жана талкуулап, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын жана ирээтке келтирүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн көзөмөлдөөчү комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://dobolu.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Кудайбергеновго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Шералиев |
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин XXIX- чакырылышынын кезексиз 14- сессиясынын 2025-жылдын 8.сентябрь 14/1 чечими менен бекитилди
Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алууубактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө
Жобо
1. Жалпы жоболор;
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби;
3. Жобонун талаптарынын жайылтылбашы;
4. Жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объектилер ( жайлар) жана аймактар
5. Тынчтыкты бузууга тыюу салынган аракеттер
6. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу чаралары;
7. Калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын ирээтке келтирүү, көзөмөлдөчү комиссиялар жана кызмат адамдары;
8. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1.Жалпы жоболор
1.1Бул Жобо Дөбөлү айыл аймагынын бардык аймактарында Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрында кабыл алынган №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыгып, айыл аймагында тынчтыкты жана жарандардын бейпилдигин камсыз кылууну жөнгө салат.
1.2.Жобонун максаты – коомдук жайларда жана жашоо үчүн маанилүү болгон объектилерде жарандардын тынчтыгын сактоо, ызы-чууну чектөө жана мыйзамдын жоболорун жергиликтүү деңгээлде аткаруу.
1.3.Бул Жобо Доболу айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жана иштеген жеке жана юридикалык жактарга милдеттүү болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1Калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобо Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан демилгеленет, Дөбөлү айылдык кенеши тарабынан бекитилет, Жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын талабына ылайык өзгөртүлүп, толукташы мүмкүн жана Жобо,Жобону бекитүү тууралуу айылдык кенештин чечими расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
2.2 Жобо айыл аймагынын айыл тургундары, комерциялык, комерциялык эмес жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
3.Жобонун талаптары төмөнкүлөргө карата жайылтылбайт:
- укук бузуулардын алдын алууга, авариялардын, табигый кырсыктардын, башка өзгөчо кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюга, адамдардын жеке жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө жана калктын жашоо- тиричилигин камсыздоочу объекттердин иштешине багытталган;
-долбоордук- курулуш документтерине ылайык өндүрүштүк- техникалык шарттарга байланыштуу токтолушу мүмкүн болгон иштерди жүргүзүү боюнча;
- тиешелүү конфессеялардын канондук талаптарынын алкагында диний табынууну анын ичинде азан чакырууну жүзөгө ашырууда;
-массалык коомдук иш- чараларды, анын ичинде расмий, дене тарбия, спорттук, маданий иш- чараларды жана салтанаттарды өткөрүүдө;
4. Жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объектилер
- турак үйлөр жана алардын айланасы;
- билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин аймактары;
- социалдык кызмат көрсөтүүчү жайлар;
- убактылуу жашоо же эс алуу үчүн каралган объектилер.
-жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана(же) убактылуу туруусун камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары???
5. Тынчтыкты бузууга тыюу салынган аракеттер