Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 13-октябры №11-6
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-октябрындагы №331 сандуу каты тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-октябрындагы №331 сандуу катына негиз, Каранай айылынын ички жолдорун асфальттоо боюнча долбоору дем берүүчү гранттан 2 212 913 (эки млн эки жүз он эки миң тогуз жүз он үч) сом өздүк салым катары которулган акча каражатын жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттар эсебине отургузуу максатында Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-октябрындагы №331 сандуу катына негиз, Каранай айылынын ички жолдорун асфальттоо боюнча долбоору дем берүүчү гранттан 2 212 913 (эки млн эки жүз он эки миң тогуз жүз он үч) сом өздүк салым катары которулган акча каражатын жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттар эсебине отургузулсун.
2. Өздүк салым катары которулган 2 212 913 (эки млн эки жүз он эки миң тогуз жүз он үч) сом акча каражаты Каранай айылынын ички жолдорун асфальттоо жумуштарына мыйзам чегинде которулсун.
3. Беренелерине коюп, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |