Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 13-октябры №11-7
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн эски административдик имаратынын (эски контора) багытын өзгөртүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы «Көк-Жар айылынын балдар искусство мектеби» мекемесинин директору М.Камардиновдун арызына негиз, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн эски административдик имаратынын (эски контора) багытын “Көк-Жар айылынын балдар исскусство мектеби» мекемеси багытына өзгөртүүгө жана эскилиги жеткен имараттын ордуна жаңы «Көк-Жар айылынын балдар исскусство мектеби» мекемесинин имаратын курууга макулдук берүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы “Көк-Жар айылынын балдар искусство мектеби” мекемесинин директору М.Камардиновдун арызы канааттандырылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн эски административдик имаратынын (эски контора) багытын “Көк-Жар айылынын балдар искусство мектеби” мекемеси багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Эскилиги жеткен имараттын ордуна “Көк-Жар айылынын балдар искусство мектеби” мекемесинин имаратын курууга макулдук берилсин.
4. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |