Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 13-октябры №11-8
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-октябрындагы № 334 сандуу катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-октябрындагы №334 сандуу катына жана «Алтын Улар» жоопкерчилиги чектелген коомуна 0,50 га жер аянтын беш жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө жана жеңил типтеги жардыргыч заттарды сактоочу кампа курууга макулдук берүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Алтын Улар» жоопкерчилиги чектелген коомуна 0,50 га жер аянтын беш жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө жана жеңил типтеги жардыргыч заттарды сактоочу кампа курууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |