Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 19-ноябры №12-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-ноябрындагы №366 сандуу катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 366 сандуу катына жана Ноокат райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинен алына турган корутундусуна негиз, Сурьма байытуучу завод куруу үчүн суралган 10,0 га жайыт аянтынын багытын «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» багытына өзгөртүүгө макулдук берүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартибин жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №665 токтомуна ылайык, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-ноябрындагы №366 сандуу катына жана Ноокат райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинен алына турган корутундусуна негиз, Сурьма байытуучу завод куруу үчүн суралган 10,0 га жайыт аянтынын багытын «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Андан ары ижарага берүүнүн тартибине ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ноокат райондук жер комиссиясына кароого жиберилсин.
4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |