Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 8-сентябры № 14/3
Дөбөлү айыл аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин эмеректерин жаңыртуу долбоорун кароо жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Дөбөлү айыл аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин эмеректерин жаңыртуу долбоору жактырылсын.
2.Долбоорду каржылоого Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн өнүктүрүү фондунан 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |