Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-октябры № 15/1
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 Жарлыгы жана кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протоколун аткарууга алуу максатында, Дөбөлү айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Дөбөлү айыл аймагынын калкынын саны 6013 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктардын катышуучу өкүлдөрдүнжалпы саны 50 деп бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу, материалдык-техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бекитилген график боюнча жыйындардын өткөрүлүшүн, ал жыйындардан жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарына же курултайына өкүлдөрдү же делегаттарды бекитилген квотага ылайык аныкталышын уюштуруу жана координациялоо үчүн жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын өкүлдөрүнүн саны жана квотасы тиешелүү аймакта жашаган калкынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын.
6. Дөбөлү айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 20-октябрынан 22-октябрына чейин белгиленсин 3-тиркемеге ылайык.
7. Айыл аймактарда бөлүнгөн бөлүктөрдө өткөрүлгөн жарандардын жыйындарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн тизмесин жалпылоо 2025-жылдын 28-октябрына чейин деп белгиленсин.
8. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына катышуучуларынын тизмесин тактоо, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат даярдоо, ошондой эле жыйындын күн тартибинин долбоорун 2025-жылдын 30-октябрына чейин даярдалсын.
9. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү 2025-жылдын 1-ноябры (ишемби) деп белгиленсин 4-тиркемеге ылайык.
10. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин, шайлоо тууралуу протоколду, делегаттардын толтурулган анкеталарын жана делегаттардын тиешелүү документтерин райондук уюштуруу комитетине 2025-жылдын 3-ноябрына чейин жөнөтүлсүн.
11. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Б. Шералиев |
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XX1Х-чакырылышынын 15-сессиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы №15/1 токтомунун
1-тиркемеси
Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жыйындардын өккөрүлүшүн, ал жыйындардан жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарына же курултайына өкүлдөрдү же делегаттарды бекитилген квотага ылайык аныкталышын уюштуруу жана координациялоо үчүн жумушчу тобунун курамы