Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 19-ноябры №12-2
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 18-ноябрындагы №379 сандуу катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 18-ноябрындагы №379 сандуу катына негиз, суралган 2,1га жайыт аянтынын багытын «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» багытына өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартибин жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» №665 токтомуна ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 18-ноябрындагы №379 сандуу катына негиз, суралган 2,1га жайыт аянтынын багытындагы жерге «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Андан ары ижарага берүүнүн тартибине ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |