Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-октябры № 15/2
2024-жылдын 28-августундагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын №24/3 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
2024-жылдын 28-августундагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын №24/3 токтомуна толуктоо киргизүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын “Сейил-Булак” участкасына суу сактоочу мунара курууга жер бөлүп берүү жөнүндө токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
2. Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын “Сейил-Булак” участкасындагы суу сактоочу мунарадан Нарын шаарына караштуу “Сейил-Булак” чөлкөмүнүн жашоочуларына таза суу системасын тартууга макулдук берилсин.
3. Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына 2022-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №713 токтомунун төлөмдөрү менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |