Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 19-ноябры №12-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-ноябрындагы №370 сандуу катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-ноябрындагы №370 сандуу катына негиз, Сарыканды айылында спорт аянтчасына берилген жер аянты айыл чарба багытында болгондугуна байланыштуу багытын өзгөртүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартибин жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» № 665 токтомуна ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 370 сандуу катына негиз, Сарыканды айылында спорт аянтчасына берилген жер аянты айыл чарба багытында болгондугуна байланыштуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |