Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 19-ноябры №12-4
Он-Эки Бел айылынын тургуну Г.Абдрахмановдун арызын кароо жөнүндө
Он-Эки Бел айылынын тургуну Абдырахманов Газыбек Төлөновичтин арызына негиз, турак-жай багытындагы 1500 м/кв жер участкасынын жер аянтынын ичинен 100м/кв жер тилкесинин багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Он-Эки Бел айылынын тургуну Абдырахманов Газыбек Төлөновичтин арызына негиз, турак-жай багытындагы 1500 м/кв жер участкасынын жер аянтынын ичинен 100 м/кв жер тилкесинин багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |