Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 13-ноябры № 16/2
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын №13/2 Токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын №13/2 Токтомуна толуктоо киргизүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын №13/2 Токтому менен бекитилген токтомуна Дөбөлү айыл аймагынын элинин ооз эки кайрылуусунун негизинде жаңы келген Экскаватор техникасынын элге кызмат көрсөтүү тарифине төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин.
· Дөбөлү айыл аймагына экскаватор менен элге кызмат көрсөтүүсү 1 рейске инерттик материал жүктөп берүүгө 500 (беш жүз) сом;
· Күнүмдүк жумуш обьемго жараша келишим менен септик казуу 1 метр жерге 1000 (бир миң) сом, короо жай ж.б бузуу келишимдин негизинде, чоң там бузуу 15 000 (он беш миң) сом;
· Таза суу системасын казып, кайра көмүп берүүгө 1 метр жерге 350 (үч жүз элүү) сом, күйүүчү майы ичинде деген сөздөргө толуктоо киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |