Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 19-ноябры №12-5
Көк-Жар айылынын тургуну С.Абдуллаевдин арызын кароо жөнүндө
Көк-Жар айылынын тургуну Абдуллаев Садирбек Шамшиевичтин арызына негиз, турак-жай багытындагы 1000 м/кв жер участкасынын жер аянтын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айылынын тургуну Абдуллаев Садирбек Шамшиевичтин арызына негиз, турак-жай багытындагы 1000 м/кв жер участкасынын жер аянтын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |