Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 13-ноябры № 16/3
Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча адисинин баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомдору биздин айыл аймактын менталитеттине азырынча туура келбегиндигине байланыштуу жобону бекитип берүүдөн баш тартылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |