Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 19-ноябры №12-6
Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталуучу долбоор үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
«Көк-Жар таңы» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин сырткы фасадын капиталдык ремонттоо боюнча долбоорго Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин үлүштүк (дем берүүчү) грантына сунуштоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кенеши токтом кылат:
1. «Көк-Жар таңы» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин сыртын капиталдык ремонттоо боюнча долбоорго жалпысы 1 754 635 (бир млн жети жүз элүү төрт миң алты жүз отуз беш) сомдук долбоорго өздүк салым катары айыл аймагынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинен 263 196 (эки жүз алтымыш үч миң бир жүз токсон алты) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |