Загрузка документа…
АЛТЫН- АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жылдын 03июнь № 18 .
Жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Алтын-Арашан айыл аймагынын Бөрү-Баш айылынын тургуну Турсуналиев Аспандияр Алмазбекович, Бөрү-Баш айылында №1008-контурундагы башка жерлеринен 0,10 га жер тилкесин мал сарай, үйү менен курууга бөлүп берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:
1.Бөрү-Баш айылынын тургуну, Турсуналиев Аспандияр Алмазбекович Бөрү-Баш айылына караштуу №1008 контурундагы башка жерлеринен 0,10 га жер тилкесин 10 баш ийри мүйүздүү, 15 баш майда мал багууга бөлүп берүүгө макулдук берет.
2. Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев