Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 13-ноябры № 16/5
Дөбөлү айыл аймагынын бала бакчаларынын тамак-аш азыктарына кошумча план алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 билим берүү жөнүндө мыйзамыныны 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кайрылуусун карап жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын “Бала-Нур”, “Небере”, “Кайыңды келечек”, “Э.Сопуев”, “Эки-Нарын” бала бакчаларына 188,4 миң сом кошумча план Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгынан суралсын.
2. Орук-Там бала бакчасынынтамак-аш азыктарына планынан 7,5 мин сом, Аруу-Тилек бала бакчасынан 3,3 миң сом жалпы 10,8 мин сом Бала-Нур бала-бакчасына жылдырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тапшырылсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Шералиев |