Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 19-ноябры №12-8
«Арууке-пери» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Ж.Кайымованын арызын кароо жөнүндө
«Арууке-пери» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Ж.Кайымованын арызына негиз, «Арууке-пери» мектепке чейинки билим берүү мекемесине ачылган 3 сааттык кошумча тайпаны электрондук кезекте турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу 10 сааттык деп өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Арууке-пери» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Ж.Кайымованын арызы канааттандырылсын.
2. Ачылган үч сааттык кошумча тайпаны он сааттык деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |