Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 25-ноябры № 17/2
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык Дөбөлү айылындагы жалпы сметалык наркы 4 954 218 (төрт миллион тогуз жүз элүү төрт миң эки жүз он сегиз) сомду түзгөн “Дөбөлү айылындагы парктын аймагын тосуу жана эстеликти капиталдык оңдоодон өткөрүү” долбоору жактырылсын.
2.Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 3 954 218 (үч миллион тогуз жүз элүү төрт миң эки жүз он сегиз) сом каражаты дем берүүчү үлүштүк гранттан каржылоого сунушталсын.
3.Өздүк салым катары 1 000 000 (бир миллион) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |