Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛУКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 04 июнь № 20
Алтын-Арашан айыл аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш, “Алтын-Жылдыз тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Асангазиев, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республкасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтмому менен бекитилген “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субьекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүлөөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” жобого ылайык, сунушун карап , таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагындагы калктуу конуштарынан, катуу тиричилик таштандыларын чыгарууга ар бир кожолукка 1(бир) айга төлөөчү тарифи 150 (жүз элүү) сом деп бекитилсин
2.Ушул токтомду Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын, каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн тиешелүү юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Ж.Батамбековага милдеттендирилсин
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго жүктөлсүн.
Төрага А,Токомбаев