Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын
№14-1 Токтому
2026-жылдын 15-майы Баш-Булак айылы
Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы “Биринчи” көчөсүнө «Кулджа Муратов» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Садырбай айылынын тургуну Кулджа Муратовдун иниси Муратов Айбектин арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы “Биринчи” көчөсүнө Улуу Ата-Мекндик согуштун катышуучусу “Кулджа Муратов” атындагы көчө деп ысым берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
| А. Бакиров |