Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-декабры № 18/1
Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын автобустары Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын Аэропортуна чейин жүрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын автобустары Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын Аэропортуна чейин ар жуманын бейшемби күндөрү жүргүнчүүлөрдү ташууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |